Facebook фейк аккаунттар менен кантип күрөшөрүн айтты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы бетти таануу технологиясы аркылуу колдонуучуларга алардын баракчага жарыяланган сүрөттөрү боюнча маалымат берип турат. Ошондой эле чыныгы колдонуучунун сүрөтү менен фейк аккаунт ачууга аракет кылгандар менен күрөшөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сүрөттө же видеодо досторду белгилөөнү сунуштаган технология колдонулат.

"Жаңы кызмат сиз белгиленбеген сүрөттөрдү табууга жардам берет. Андан сырткары, сиздин сүрөтүңүздү колдонуп, фейк аккаунтту ачууга аракет кылгандар тууралуу да кабарлап турат", — деп айтылат компаниянын тараткан билдирүүсүндө.

Мындай ыкма фейк колдонуучуларды оңой табууга жардам берерин айрым ЖМКлар жазып чыгышты.

Ошондой эле көзү начар көргөндөр да жаңы ыкманын жардамы менен сүрөттө кимдер бар экенин оңой биле алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0