Бишкек шаарыны асмандан көрүнүшү.Архивдик сүрөт

Бишкекте абанын тазалыгын текшерген датчиктер иштей баштады

188
(жаңыланган 11:15 22.12.2017)
Датчиктер шаардагы Москва көчөсү менен Эркиндик бульвары, Тыныстанов, Киев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. Мындан сырткары, Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бакта да бар.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Борбор калаада абанын булгануусун көзөмөлдөгөн заманбап датчиктер иштей баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Move Green экологиялык кыймылынын катышуучусу Мария Колесникова билдирди.

Анын айтымында, экоактивисттер аталган датчиктерди калаанын ар кайсы бөлүктөрүнө орнотуп, ага карата акысыз мобилдик тиркеме иштеп чыгышкан. Мындай көрсөткүчтөр айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртат деп ишенишет.

"Датчиктер абадагы катуу бөлүкчөлөрдүн бар-жогун аныктап турмакчы, ал эми тиркеме андагы маалыматтарды көрсөтөт. Адам ошол убакта дем алып жаткан аба канчалык таза экенин билип туруу үчүн билдирүү онлайн-режимде жаңыланып турат", — деди Колесникова.

Атайын мобилдик тиркеме Android платформасындагы аппараттын колдонуучуларынын баарына жеткиликтүү. Аны Play Market аркылуу "aba.kg" деп издеп көчүрүп алса болот.

Датчиктер учурда шаардагы Москва көчөсү менен Эркиндик бульвары, Тыныстанов, Киев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. Мындан сырткары, Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бакта да бар. Андагы маалыматты инженер- эколог изилдеп, кийин калаадагы абанын тазалыгы боюнча кичи отчет берип турат.

Абанын тазалыгын текшерчү аппараттар 2018-жылдын күз айынын ортосуна чейин иштемекчи.

188
Белгилер:
айлана-чөйрө, экология, Бишкек
Тема боюнча
Британиялык окумуштуулар кары адамдарга коомдук транспорттон туруп бербөөгө чакырды
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

135
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

135
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

133
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

133
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео