Премьер-министр Сапар Исаков улуттук оюнду ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлоо учурунда

Исаков көк бөрүнү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизгендерди сыйлады

126
(жаңыланган 13:23 22.12.2017)
Белгилей кетсек, декабрь айынын башында көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Көк бөрү салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков улуттук оюнду ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлап жатып билдирди.

  • Көк бөрү салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик
    Көк бөрү салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков улуттук оюнду ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлап жатып билдирди
    Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков улуттук оюнду ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлап жатып билдирди
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Премьер Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясына, Көк бөрү федерациясына жана курама команданын спортчуларына улуттук оюнду жайылтууга жана кыргыз тарыхын жана маданятын даңазалоого кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди
    Премьер Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясына, Көк бөрү федерациясына жана курама команданын спортчуларына улуттук оюнду жайылтууга жана кыргыз тарыхын жана маданятын даңазалоого кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Иш-чаранын соңунда өкмөт башчы Көк бөрү — салттуу ат оюну номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топтун мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн алкыш каттарды тапшырды.
    Иш-чаранын соңунда өкмөт башчы "Көк бөрү — салттуу ат оюну" номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топтун мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн алкыш каттарды тапшырды.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 4
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Көк бөрү салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик

Премьер Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясына, Көк бөрү федерациясына жана курама команданын спортчуларына улуттук оюнду жайылтууга жана кыргыз тарыхын жана маданятын даңазалоого кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

"Мен биздин спортчуларга жаңы ийгиликтерди, анын катарында эл аралык аренадагы жетишкендиктерди кааалайм. Келерки жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт жана жалпыбыз сиздерден жаңы жеңиштерди күтөбүз. Сиздерге ар дайым өлкөбүздүн желегин бийик көтөрүп жүрүүңүздөрдү каалайм", — деди Исаков.

Иш-чаранын соңунда өкмөт башчы "Көк бөрү — салттуу ат оюну" номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топтун мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн алкыш каттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, декабрь айынын башында көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. 

126
Белгилер:
сыйлоо, Көк бөрү, ЮНЕСКО, Сапар Исаков
Тема боюнча
Сүйүнчү! Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди
Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...