Кыргызстандыктар жаңы жылда канча күн эс алары белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-31-декабрь ишемби жана жекшемби күндөргө туура келет

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар жаңы жылда төрт күн катары менен эс алмай болду. Мындай демилгени өкмөт колдоп берди.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 31-декабрдан 3-декабрга чейин төрт күн эс алууну сунуштаган болчу.

Ага ылайык, 30-декабрь менен 8-январь (7-январдагы рождество жекшемби күнгө туура келет, адатта дем алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат) иш күн болот. Ал эки күн 1-2-январга жылдырылат дагы, жарандар 31-декабрдан 3-январга чейин эс алып калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0