Ушул ишембиде Бишкек — Ташкент туруктуу аба каттамы ачылат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жээнбековдун Ташкентке болгон сапарында бир нече келишимдер түзүлүп, анын ичинде транспорт жаатында дагы макулдашуулар жетишилген.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек — Ташкент туруктуу аба каттамы ушул ишемби, 23-декабрдан тарта жанданат. Бул туурасында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековго билдирди.

Буга чейин Жээнбековдун Ташкентке болгон сапарында бир нече келишимдер түзүлүп, анын ичинде транспорт жаатында дагы макулдашуулар жетишилген.

"Калилов 23-декабрда Бишкек — Ташкент туруктуу аба каттамы жанданарын маалымдады. Мындан сырткары, 2018-жылы Ош — Ташкент — Ош каттамы боюнча авиарейс ачылат", — деп айтылат маалыматта.

Самолет Ту-154м авиакомпании Аэрофлот - Sputnik Кыргызстан
Оштон Москвага күн сайын каттаган авиарейс ачылат
Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча 2017-жылдын 25-декабрында Ташкентке үч тараптуу жолугушууларга адистердин тобу жөнөй турганын, ал эми 27-декабрда министрлердин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуулар өтөөрүн жана анда темир жол салуу боюнча бардык маселелер талкуулана турганын билдирген.

Кыргызстандагы авиакомпаниялардын маалыматына караганда билеттин баасы 100 доллардан жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0