Кыргызстандагы клиникалык базасы жок медициналык факультеттер жабылабы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМедицина факультетинин студенттери. Архив
Медицина факультетинин студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев кайсы медициналык факультеттердин клиникалык базасы жок экенин айтты

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков клиникалык базасы жок медициналык факультеттердин лицензиясын чакыртып алуу керектигин өкмөттүн жыйынында билдирди.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев министрликтин жасаган иштери боюнча баяндама жасап жатып айрым медициналык факультеттердин клиникалык базасы жок экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында мамлекеттик жана жеке тогуз медициналык факультет бар.

"Клиникалык базасы жок болсо алар кантип иштеп жатат? Лицензияны кантип алышты? Эгер алар бул көйгөйдү чечпесе лицензиясын чакыртып алуу керек", — деди Исаков.

Батыралиев клиникалык базасы жок медициналык факультеттер Славян университетинде, Кыргызстандын эл аралык университетинде, Жалал-Абад жана Ош университеттеринде бар экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0