Алгачкы кадам! Ош мэриясы балдар үйүнүн тарбиялануучусуна батир белек кылды

Жазылуу
Мындай кадам Кыргызстандын бийлиги тарабынан алгачкы ирет жасалган

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балага турак жай бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигине "Биздин добуш" коомдук фондунун директору Айнура Ормонова билдирди.

Мындай кадам бийлик тарабынан алгачкы ирет жасалууда. 19 жаштагы Аскар Ярмуратий балдар үйүнө тарбиянып чыккан. Батир ага "Анар" кичи районунан берилген.

Ормонованын айтымында, эми ал үйдө Аскар менен бир туугандары да жашайт.

"Бул өтө жагымдуу жаңылык! Калаа мэриясы каражат таап аябай пайдалуу иш жасады. Бизде буга чейин мындай иштер жасалган эмес. Балдар үйүнөн тарбияланып кеткендер батирлерди ижарага алып ар жакта жашап жүрүшчү", — деди Орманова.

Ошондой эле ал мындай саамалык башка муниципалитеттерге үлгү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0