Калпак. Архив

Калпак кийип модага чыккан ит боюнча уюштуруучулар түшүндүрмө берди

8539
(жаңыланган 09:54 25.12.2017)
Интернетке тараган калпакчан иттин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын кызыл чеке түшүрдү. Жаныбардын сүрөтү Бишкекте өткөн Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсүндө тартылганы маалым болду.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Социалдык тармакка калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан иттин сүрөтү интернет колдонуучуларын дүрбөлөңгө салды. Алар жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизүү жат көрүнүш экенин айтып, нааразы болушууда. 

Айрымдар иш-чаранын уюштуруучулары элден кечирим сурашы керек десе, дагы бири мамлекеттин символикалары туу, герб жана гимн сыяктуу эле калпак дагы мыйзам менен корголуп, аны итке кийгизгендер жазаланышы керектигин жазып чыгышты. 

Ызы-чуу жараткан бул көрүнүш боюнча сынактын уюштуруучуларынын бири болгон Bishkek Park соода борборунун маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди. 

Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
“Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсү 22-декабрда Bishkek Park соода борборунда өткөн. Мода көргөзмөгө 17 ит катышып ар түрдүү жаңы жылдык формалар менен чыгышкан. Натыйжада биринчи орунду моряк образындагы “Хаски” породасындагы ит алса, экинчини “Кара Жорго” деп аталган улуттук форма менен чыккан “Япон акитасы” тукумундагы ит ээледи. Ал эми Россиянын мурунку аскер кызматкерлеринин (Гусары) образын жараткан “Кламбер-спаниель” породасындагы итке үчүнчү орун ыйгарылды”, — деп маалымат кызматынан билдиришти. 

Ал эми Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аталган соода борбордун маркетинг жана PR менеджери Батма Казакбаева менен байланышканда, ал элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды. 

“Ар бир катышуучу жаныбарына өзү каалагандай костюм тигип кийгизген. Бул кыздын дарегине туура эмес сөздөрдү айтууну токтотууну суранабыз. Анын эч кандай жаман ою жок болчу. Тескерсинче иттин ээси өзү кыргыз шөкүлөсүн кийип чыгып, кыргызча сүйлөп “кара жорго” бийин бийлеген. Туура кабыл алууңуздарды өтүнүү менен кечирим сурайбыз!” — деди Казакбаева. 

Ал ошондой эле мындай өтүнүчүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына дагы жарыялады. 

8539
Белгилер:
сын, ит, социалдык тармак, ак калпак
Тема боюнча
Калпакты бутка кийип жер шилей баскан жеткинчектин видеосу тарады
Жалал-Абадда итин атып өлтүргөн бала окуянын чоо-жайын айтып берди

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

45
(жаңыланган 16:48 29.10.2020)
"Түндүк электр" ишканасы алгач жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатканын айткан. Бирок кийинчерээк автоматтык коргоо тутуму иштеп кеткенин билдирди.

Бишкек ТЭЦтин аймагынын бир нече жеринен уюлгуган буу чыгып жатат. 

Ордо калаада болжол менен 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп баштаган.

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

Азыр Бишкектин айрым жерлеринде жарык берүү жанданып, бирок кайра өчүп калууда. 

"Түндүк электр" ишканасы алгач жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатканын айткан. Бирок кийинчерээк автоматтык коргоо тутуму иштеп кеткендиктен буу чыкканын билдирди.

45
Белгилер:
Сүрөт, жарык өчүрүү, ТЭЦ, Бишкек
Тема боюнча
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦ ишкананын директору Андрей Воропаев. Архивдик сүрөт

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

395
(жаңыланган 15:24 29.10.2020)
Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен.

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

"Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев.

Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калганын, бир сааттын ичинде баары жайында болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

395
Белгилер:
БУУ, ТЭЦ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Кыргыз сом монеталары. Архив

Кыргызстан 4,1 млрд. сом карызын төлөбөй турууга макулдашып жатат. Шарттары

0
(жаңыланган 16:57 29.10.2020)
Министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүп жатат.

"Учурда 4,1 миллиард сом төлөөнү кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана эмдиги жылы төлөбөй тура алабыз. Бирок кийинки үч жылда жеңилдик берилген мөөнөттө төлөнбөй калган каражатты кошуп төлөйбүз", — деди Мукашев.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Ошондой эле министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Финансы министрлиги, өкмөт, жылдыруу, мөөнөт, карыз
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп