Чүйдүн коллектордук-дренаждык тармагы реконструкцияланат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по вопросу ликвидации последствий подтопления жилых домов в Чуйской области
Рабочее совещание по вопросу ликвидации последствий подтопления жилых домов в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик органдарга жеке субъектилердин жана балык чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусунун мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу тапшырылган

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы коллектордук-дренаждык тармак оңдолуп чыгып модернизацияланат. Мындай тапшырманы премьер-министр Сапар Исаков жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде берди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар "Шамшы", "Кызыл-Суу" жана "Чу" дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде өткөрдү
Рабочее совещание по вопросу ликвидации последствий подтопления жилых домов в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Сапар Исаков жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде өткөрдү
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар "Шамшы", "Кызыл-Суу" жана "Чу" дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар Шамшы, Кызыл-Суу жана Чу дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар "Шамшы", "Кызыл-Суу" жана "Чу" дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн.
1/2
Премьер-министр Сапар Исаков жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде өткөрдү
2/2
Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар "Шамшы", "Кызыл-Суу" жана "Чу" дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, буга жеке субъектилердин жана чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусу себеп экени айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, учурда дренаждык тутумдарды тазалоо үчүн атайы техника тартылган.

Премьер-министр Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен катар Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуусунун алдын алуу боюнча толук чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун ахривдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Исаков: Кыргызстанда санавиацияны өнүктүрүү керек
Буга катар өкмөт башчы ыкчам тартипте "Чу" дайрасынын жээгин чыңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, мелиорация министрликтери менен биргеликте мындай абалдын кайталанбашы үчүн коллектордук-дренаждык тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо милдеттендирилди.

Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга жеке субъектилердин жана балык чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусунун мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0