Жээнбеков Азербайжандын президентин туулган күнү менен куттуктады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВизит президента Азербайджанской Республики Ильхама Алиева в КР
Визит президента Азербайджанской Республики Ильхама Алиева в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Алиевдин мамлекеттик маанилүү кызматтагы ишмердигине ийгилик каалады

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Илхам Алиевди туулган күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Алиев бүгүн, 24-декабрда, 56 жашка толду.

"Сиздин профессионалдуулугуңуз жана мамлекеттик маанилүү кызматтагы бай тажрыйбаңыз Азербайжандын өсүп-өнүгүшүн шарттап, анын эл аралык аброюн көтөрөт", — деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле өлкө башчы Алиевге чың ден соолук жана мамлекеттик маанилүү ишинде ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0