Окумуштуулар аз акча тапкандардын тез салмак кошорун аныкташты

© AFP / Ralf Hirschberger / dpaОжирение в Германии
Ожирение в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аныктама көбүнчө аялдар арасында аябай байкалган

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШнын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жогорку билимдүү жана кирешеси көп аялдар аз акча тапкандарга салыштырмалуу ашыкча салмак менен сейрек жабыркай турганын аныкташкан. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грипп аялдарга караганда эркектерди эмне үчүн дароо төшөккө жыгары айтылды
Кызматкерлер ден соолук, тамактанууну текшерүү улуттук программасынын алкагында окумуштуулар тарабынан чогултулган маалыматтарды анализдеп чыгышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында жогорку маяналуулардын 31 пайызы гана ашыкча салмактан жапа тартары аныкталган. Ал эми жогорку билимдүүлөр арасындагы көрсөткүч 27,7 пайызды түзгөн. Адистердин айтымында, бул аныктама аялдардын арасында аябай байкалган.

Изилдөөгө катышкан аз кирешелүү аялдардын 45,2 пайызы семиздиктен жабыркаса, кирешелүү айымдардын 29,7 пайызы гана ашыкча салмактан жапа чегип жүргөнү аныкталган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0