БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 2018-жылдан тарта "Шарджа — Ош" жана "Шарджа — Бишкек" багыты боюнча аба каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 24-декабрда Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу Айбек Маматбеков Air Arabia авиакомпаниясынын аткаруучу директору Адель Абудалла Али менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана 2018-жылдан тарта "Шарджа — Ош" жана "Шарджа — Бишкек" багыты боюнча аба каттамдарын ачуу боюнча пикир алышкан.
Бул долбоордун алкагында чет элдик жарандар Кыргызстанга визаны оңой ала алышат. Ошондой эле 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу экени кошумчаланган.
Эске салсак, Air Arabia авиакомпаниясы Бириккен Араб эмирлигинин Шарджа эмиратында жайгашкан. Алар Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Азия, Европа, КМШ мамлекеттерине жалпысынан 130 багыт боюнча учат. Аталган авиакомпаниянын Air Arabia Egypt жана Air Arabia Maroc деген туунду компаниялары бар.