Памирская кыргызска Ширинбу Абдулбаит кызы

Ак жоолукчан памирлик келин Ширинбү. Макияжга чейин жана андан кийин

16970
(жаңыланган 22:56 28.12.2017)
Улуу жана Кичи Памирди жердеген кандаштарыбыздын Кыргызстанга көчүп келгенине эки айга чукулдап калды. Учурда Нарын жергесинде жашап жаткан 41 адамдын сегизи — кыз-келиндер. Бүгүн алардын бири, сырдуу жана уялыңкы жылмайган Ширинбү Абдувахит кызы менен маектешип, кепке тарттык.

Sputnik Кыргызстан алыскы Афганистан аймагындагы Памир тоолорунда өскөн Ширинбүнү окурмандарга башка өңүттө көрсөтүүгө аракет кылды.

Апакай жоолук салып, аны менен катар заманга ылайык, бирок өзүнө туура келген көйнөк кийгизип, макияж койдук.

Ширинбү Абдувахит кызы учурда 18 жашта. Турмушка чыкканына үч ай болду. Күйөөсү Фазылхак Абубакир уулу экөө тең Кичи Памирде туулуп өскөн. Жаш келин үй-бүлөсү, кайындары, атасы менен кошо келген, учурда Нарын шаарында жашайт.

  • Ширинбү Абдулбаит кызы учурда 18 жашта. Турмушка чыкканына үч ай болду.
    Ширинбү Абдулбаит кызы учурда 18 жашта. Турмушка чыкканына үч ай болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ширинбү билим алууга умтулуп, айылдагы лицейде окуп,  тамга таанып жатат.
    Ширинбү билим алууга умтулуп, айылдагы лицейде окуп, тамга таанып жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ширинбү Абдулбаит кызы учурда 18 жашта. Турмушка чыкканына үч ай болду.

Ширин башкалары менен ошол айылдагы лицейде билим алып, ариптерди таанып жаткан кези. Ал эми кожойке катары кыргызстандыктардын ашканасын өздөштүрө баштагандыгын айтты.

"Салаттарды, манты, бешбармак жасайм. Боткону жана гречкадан тамак жасаганды үйрөндүм. Памирде колго жууйт элек. Азыр кирди машинеге салып коём", — деди Ширинбү.

Ал Кыргызстан, Нарын жаккандыгын, жашоо-шарттын жакшылыгын, климат жумшак экендигин айтып отурду.

Анткен менен биздин памирлик бул келин туулуп өскөн жерин, курбуларын сагынып жаткандыгын жашырган жок.

"Кыздарды, сиңдилеримди, жеңелеримди улам эстеп коюп жүрөм. Алар менен сүйлөшкөн бир кызык эле. Бирге сууга барып, бирге топоз сааган, торпок байлаган учурларды сагындым", — деди ал.

Биздин каарман ооз комузда ойноп жана бир нече күүлөрдү черте аларын айтып берди.

"Ооз комузда ойнош оңой эмес. Жеңелерим менен сууга барганда же эч ким жок болгондо, аялдар өзүбүз калганда ээн-эркин отуруп алып, кагат элек", — деп эстеди Ширинбү.

Ширинбүгө кийимдерди Замира Молдошеванын Мода үйү тандап жана анын "Люкс" сулуулук салонунун визажисттери иштеди.

Памирлик келин Ширинбүнүн макияжга чейин жана андан кийинки тартылган видеосун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрсөңүз болот>>

16970
Белгилер:
памирлик кыргыздар, кийим, Афганистан
Тема:
Памирлик кыргыздар (80)
Тема боюнча
Нарындагы памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселеси каралууда
Памирлик кыргыздар Бишкек менен балатыны биринчи жолу көрүштү
Бишкекте биринчи күзгү кар жаады

Жумага карата аба ырайы

34
Жумага караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жума күнү, 30-октябрда, республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +8...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл аймагында +6...+11 жана Нарында +5...+10 градуска жетет.

Кар жаайт, жолго камынып чыккыла. ӨКМ айдоочуларга кулак кагыш кылды

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +11...+15 жана Ош калаасында +16...+18 градуска көтөрүлөт.

34
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
Медициналык факультеттин студенттери. Архив

Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт

242
(жаңыланган 19:40 29.10.2020)
Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Үч окуу жайдын ректорлору мындай чечимдин себебин айтып беришти.

Бүгүн Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болду. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүрдү.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстан аталган тизмеге билим берүүнүн начар сапатынан улам киргенин боолголоодо. Мындан тышкары, окуу жайлардын басымдуу бөлүгү эл аралык аккредитациядан өткөн эмес.

Sputnik агенттиги бир нече окуу жайдын ректорлору менен байланышып, түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

КММА

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Пакистандан келген жүздөгөн студент билим алат. Ректор Индира Кудайбергенованын айтымында, алардын саны төрт жыл мурун, өлкөгө комиссия келип кеткенден кийин өскөн.

Профессор, доктор медицинских наук, ректор КГМА Индира Кудайбергенова. Архивное фото
© Фото / пресс-служба КГМА
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова
"2016-жылы республикага Пакистандан атайын комиссия келген. Ал өлкөнүн төрт окуу жайын талапка жооп берет деп тапкан, анын ичинде Медакадемия да бар. Калганы жактырылган эмес. Бул төрт жылдын ичинде 9-10 медициналык окуу жай ачылып кетти. Чакан өлкөгө мынча медициналык ЖОЖдун эмне кереги бар деген кадыресе суроо туулат", — деди Кудайбергенова.

Ректордун айтымында, кыргызстандык окуу жайлардын айрым бөлүгү чет өлкөлүк студенттерди окута алат, буга бардык шарты бар.

"Менимче, бул жаңылыштык болуп калды. Медиктерди даярдаган окуу жайлардын баарын бир катарга коюп коюшуптур, тизмеге бардык ЖОЖдор кирип калган. Бирок төрт-бешөөнүн чет элдик студенттердин окутууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеңеши 2016-жылы талапка ылайык келет деп таап кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кайрылуу жасадык", — деди Кудайбергенова.

Жетекчи КММАда Сирия, Корея жана башка мамлекеттерден келген студенттер да билим аларын кошумчалады.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Эл аралык жогорку медицина мектеби (ЭЖММ)

ЭЖММ — Кыргызстандын эл аралык университетинин академиялык консорциумунун структуралык бөлүмү. Студенттердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Ректор, профессор Сталбек Ахунбаевдин айтымында, түзүлгөн кырдаал күтүлүп эле келген: биринчи коңгуроо Пакистан медициналык билим берүү маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүп, Кыргызстанга жибергенде эле кагылган.

"Комиссия мүчөлөрүн биздин өлкөдөгү ар бир окуу жай өзүнүн программасы менен иштей турганы, ошондой эле медициналык билим берүүнү тескеген кесипкөй ассоциациянын жоктугу абдан таң калтырган. Ошондон кийин комиссия тааныган төрт окуу жай эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө ыңгайлуу болушу үчүн ассоциация түзүү чечимин кабыл алган", — деп түшүндүрүп берди Ахунбаев.

Ректордун айтымында, Кыргызстанда билим берүү ишмердүүлүгү үчүн лицензия алуу кыйла жеңил.

"Талап андай катаал эмес, кыска убакытта медиктерди даярдаган көп окуу жайдын ачылып кеткени да ушундан. Азыр мындай окуу жайлардын саны 20га чукулдап калды. Бул чакан мамлекет үчүн өтө көп", — деди жетекчи.

Ахунбаев кара тизме түзүүдө Пакистан окуу жайдын өзүн эмес, жалпы өлкөнү карай турганын белгиледи.

"Кара тизмеге мамлекет кирет. Учурунда пакистандык студенттер үчүн Румыния да "жабылган". Куба да ушундай тагдырга туш болгон", — деди ректор.

Ахунбаевдин баамында, Пакистандын медицина кеңеши Кыргызстанга комиссия жөнөтөт, бирок бул качан ишке ашары белгисиз. Мындан улам министр менен жолуккан ректорлор көйгөйдү чечүү боюнча алгачкы аракеттерин сунушташкан.

"Биз Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну сунушташыбыз керек экенин, биринчи этабында 2016-жылы талапка жооп берет деген төрт окуу жайды андан чыгаруу керектигин айттык. Экинчиден, окуу жайлардын топторго бөлүп, аталган тизмеден чыгуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледик", — деди жетекчи.

Венгрия: кыргызстандык студенттерге бекер окуу шарты түзүлдү

"Ала-Тоо" эл аралык университети

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов окуу жайдын медицина факультети алгачкы студенттерди былтыртан тарта кабыл ала баштаганын билдирди. Анын айтымында, университет дарыгерлерди даярдап чыгара элек, бирок билим алуу үчүн окуу жайда бардык шарт бар.

Ректор международного университета Ала-Тоо доцент, Санжарбек Эрдолатов
© Фото / предоставлено Санжарбеком Эрдолатовым
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов
"Бул көйгөйдөн чыгып кетерибизге ишенем. Комиссия Кыргызстанга келип, пакистандык студенттерге кайсы окуу жайлар төп келерин аныктап кетсе болот. Биздин окуу жайда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лаборатория иштейт", — деди ал.

Эрдолатовдун айтымында, Кыргызстанга келген пакистандык студенттер кабылган көйгөйлөрдүн бири — жергиликтүү окутуучулардын англис тилинин деңгээли.

"Пакистандык студенттер окутуучулар тийиштүү деңгээлде англис тилин билбегендиктен да сапаттуу билим ала албай жатышат. Биз, мисалы, лекторлорду башка өлкөлөрдөн чакырабыз", — деди ректор.

Ал айрым учурда чет элдик студенттер билим алуу шарты менен жатакана боюнча да көйгөйгө тушугарын белгиледи.

"Мен студенттерге бирди көрсөтүп, алар келгенден кийин таптакыр башка көрүнүшкө туш болорун уккам. Мисалы, башка жатакананын эле сүрөтүн пайдаланышат да, студент Кыргызстанга келгенден кийин нааразы болот", — деди Эрдолатов.

Ректор учурда билим алып жаткан пакистандык студенттерге окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирин кошумчалады.

242
Белгилер:
кара тизме, медицина, ЖОЖ, окуу жай, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби
Тез жардам кызматы. Архив

Кара-Суу: чакырылган Тез жардам унаасы талкаланып, кызматкерлер качып кутулду

0
(жаңыланган 22:21 29.10.2020)
Териштирүү иштеринде медиктердин унаасынын терезесин талкалаган адам мас болгону аныкталып, өзү кызматкерлер кеч келгени үчүн мындай кадамга барганын айткан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунда чакырууга барган Тез жардам кызматынын унаасын талкалап салышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Ош шаардык Тез жардам кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 29-октябрда, саат 18:30дар чамасында Кара-Суу районунун Бирлешкен айылынын тургуну апасынын кан басымы көтөрүлгөндүктөн Тез жардам кызматын чакырган.

"Унаа 11 мүнөттүн аралыгында жетип барып, аялдын кан басымын өлчөп жатканда медиктерди чакырган жаран айдоочуну ур-токмокко алган. Андан соң автоунааны талкалап салган. Ал жерден фельдшер менен айдоочу араң качып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

Түндө Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, 4 киши жабыркады. Видео

Ош облустук милициясынын билдиришинче, териштирүү иштеринде медиктердин унаасынын терезесин талкалаган 56 жаштагы киши мас болгону аныкталып, өзү мындай кпдамга кызматкерлер кеч келгени үчүн барганын айткан. Учурда ал Кара-Суу РИИБге алынып келип, сурак берүүдө. Ошондой эле Тез жардам кызматынын айдоочусу менен дарыгери көрсөтмө берип жатышат.

Аталган окуя Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

0
Белгилер:
айдоочу, тез жардам, Кара-Суу району
Тема боюнча
Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды