Жайга чукул Бишкекте маршруттардын ордуна 350 автобус жүрө баштайт

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүАвтобустар. Архив
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы автобустар майып адамдар үчүн дагы ыңгайлашып, Wi-Fi жана карта сиситемасы менен электрондук билет киргизилет

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жаздын соңу менен Бишкекте 350 жаңы автобус ишке киришет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаактан ары чапкым келет! Маршруткага түшкөндө "өнөрүңөрдү" үйгө таштай келгилечи
Аларды сатып алуу үчүн каржы булагын табуу боюнча Меморандумга кечээ кол коюлду.

Документке шаар мэри Албек Ибраимов, "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директору Болот Абилдаев, "Газпромбанк" АКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дмитрий Зауэрс, Социалдык фонддун төрагасы Тенизбек Абжапаров жана "Эксар" АКсынын кардарлар менен иштөө боюнча директору Никита Гусаков кол коюшту.

Иш-чарага катышкан премьер-министр Сапар Исаков автобустар Бишкекте 2018-жылдын жаздын аягында ишке кирерин белгиледи.

"Бул долбоордун уникалдуулугу — аталган автобустар газ менен жүргөндүктөн, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы азаят", — деди өкмөт башчы.

Алгач 350 автобус сатып алынат. Ал эми учурда борбордо каттап жаткан маршруттук таксилер шаардын чет-жакаларына чыгарылмакчы.

Курулуп жаткан көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимов: Бишкекке эки эстакадалык көпүрө курулат
Жаңы автобустар майып адамдар үчүн дагы ыңгайлашып, Wi-Fi жана карта сиситемасы менен электрондук билет киргизилери айтылды.

Автобустарды сатып алууга жалпысынан 50 миллион доллар кетсе, анын 30 миллионун "Газпромбанк" ишканасы бөлө турган болду. Калган 20 миллион долларды Бишкек мэриясы чыгарган облигацияларды сатып алуу менен Социалдык фонд берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0