Жаңы жылга карата Бишкектин коомдук транспорттору жасалгаланды. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуНовогоднее оформление общественного транспорта в Бишкеке
Новогоднее оформление общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылдын алдында коомдук транспорттордун мыкты жасалгасы боюнча сынак жарыяланган

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкекте автобустар менен троллейбустар майрамга карата жасалгаланууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман WhatsApp канал аркылуу билдирди. 

Ошондой эле Facebook тармагынын бир колдонуучусу жаңы жылдык жасалга менен бараткан автобустун видеосун жүктөгөн. 

Ал эми вице-мэр Геннадий Милицкийдин айтымында, бир нече жылдан бери жаңы жылдын алдында коомдук транспорттордун мыкты жасалгасы боюнча сынак жарыяланып келет. Бул жылы сынакка кичи автобустардын айдоочулары да катышууну сунуштаган. 

“Жеңүүчүлөр мэриянын сыйлыгын алат. Автобус жана троллейбус башкармалыгы жасалга үчүн каражат бөлүп берет. Эгер айдоочу транспортун дагы кооздогусу келсе өзүнүн чөнтөгүнөн жасайт”, — деди Милицкий.

Сынактын башкы максаты — жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0