Кыргызстандагы аэропорттордо азыр абал кандай

© AFP / KAZUHIRO NOGIЗадержание рейсов из-за погодных условий
Задержание рейсов из-за погодных условий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндөн тарта тынымсыз жааган калың кар Кыргызстандын көп жерине түштү

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы аэропорттор азыр кадимки тартип менен иштеп жатат деп билдиришти эл аралык "Манас" аба майданынын маалымат кызматынан.

Эске салсак, өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар тынымсыз жаап жатат.

"Бардык аэропорттор кадимки калыбында иштеп жатат. Учуп келген жана кеткен каттамдар жүгүртүмө менен үзгүлтүксүз иштөөдө. Аэропорттун тейлөө кызматы карды өз учурунда тазалап жетишип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда учурда жети аэпорорт иштеп жатат. Алар Бишкек, Ош, Исфана, Баткен, Жалал-Абад, Каракол жана Тамчыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0