Кардын айынан Талас менен Чүйдүн айрым жерлери жарыксыз калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗима в Новосибирске
Зима в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндөн бери жааган кар катуу шамал менен коштолду

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облусу менен Талас облусунун бир катар айылдары калың кар жана шамалдын айынан жарыксыз калды. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Электр зымдарына бак-дарактардын бутагы түшүп, аны үзүп кеткен. Ошондой эле катуу шамалдын айынан зымдар бири-бирине чырмалышып калган.

"27-декабрь түнү алай-дүлөй шамал жана калың кар Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун, Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунда электр энергиясынын өчүшүнө алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Түндүкэлектр" ААКнын 128 электр куроочулардын ыкчам бригадасы өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү менен алек. Ошондой эле табыштама кабыл алуу кызматкеринини иши күчөтүлүп, атайын техникалардын бардыгы ишке тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0