Уборка снега на дорогах Бишкека

Бишкекти таңдан тарта 516 кызматкер менен 31 техника тазалап жатат. Видео

184
(жаңыланган 18:08 27.12.2017)
Жолго бир суткада 60 тонна кум жана 7 тонна туз себилди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Карга чулганган Бишкектин жолдорун таңкы саат төрттөн тарта күчөтүлгөн тартипте 31 техника тазалап жатат. Бул туурасында "Тазалык" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда кар тазалаган 19, кум сепкен 2, кар жүктөгөн 5, ар кыл 3 техника жана беш "Беларусь" трактору жолдогу карды тазалап, ташып чыгып кетүүдө. Тазалык ишке таңкы төрттөн тарта киришти", — деди маалымат кызматы.

  • Уборка снега на дорогах Бишкека
    Карга чулганган Бишкектин жолдорун таңкы саат төрттөн тарта күчөтүлгөн тартипте 31 техника тазалап жатат.
    © Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
  • Уборка снега на дорогах Бишкека
    Учурда кар тазалаган 19, кум сепкен 2, кар жүктөгөн 5, ар кыл 3 техника жана беш "Беларусь" трактору жолдогу карды тазалап, ташып чыгып кетүүдө.
    © Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
  • Уборка снега на дорогах Бишкека
    Тазалык ишке таңкы төрттөн тарта киришти
    © Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
  • Уборка снега на дорогах Бишкека
    Андан сырткары, 516 кызматкер жолдун чекелерин, тротуарларды жана аялдамалардын карын күрөп, музун чагып жатат.
    © Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
  • Уборка снега на дорогах Бишкека
    Жолдогу кыймылдын коопсуздугун камсыздоого көмөк иретинде бир суткада 60 тонна кум жана 7 тонна туз себилди.
    © Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
1 / 5
© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
Карга чулганган Бишкектин жолдорун таңкы саат төрттөн тарта күчөтүлгөн тартипте 31 техника тазалап жатат.

Андан сырткары, 516 кызматкер жолдун чекелерин, тротуарларды жана аялдамалардын карын күрөп, музун чагып жатат.

Жолдогу кыймылдын коопсуздугун камсыздоого көмөк иретинде бир суткада 60 тонна кум жана 7 тонна туз себилди.

184
Белгилер:
'Тазалык' ишканасы, кар, кум, көчө, туз
Тема боюнча
Кардын айынан Талас менен Чүйдүн айрым жерлери жарыксыз калды
Кыргызстандагы аэропорттордо азыр абал кандай
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

8
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

8
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы
Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев. Архив

КР президентинин администрация өкүлү: интернационализмге шарт түзөлү

20
(жаңыланган 14:37 23.09.2021)
Кудайберген Базарбаев Бишкекте жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясына катышып, элди тилектештикке чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев интернационализмге шарт түзүп берүүгө чакырды.

Ал Бишкекте акынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

"Мындай иш-чаралар өтө пайдалуу. Башка улуттагы мекендештердин кызыкчылыгын коргоп гана тим болбой, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбагыдай шарттарды түзүп берүүгө аракет кылалы. Башкысы, интернационализм, достук, тилектештикти күчөтүүгө жан үрөйлү", — деди Базарбаев.

Анын айтымында, дал ушул нерселер бизге чейинки муунга күч берип, алар бири-бирин дос жана бир туугандай кабыл алышкан.

20
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, ынтымак
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды