Зуулдап бараткан Mercedes унаасынын үстүнө чыгып алган эргул. Видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОбильный снегопад в Москве
Обильный снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде болгон

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Интернетте жүрүп бара жаткан Mercedes Benz унаасынын багажнигинин үстүнө туруп алып бара жаткан жигит тууралуу видео тарады.

Бул кадрлар "Бои компроматов" тобуна жүктөлдү.

Видеодо көрүнүп тургандай, унаа шаардагы көчөлөрдүн биринде бара жатат. Анын багажнигинин үстүнө туруп алган бала колдорун чөнтөккө салып баратса, унаанын терезелеринен дагы эки адам жарым-жартылай чыгып алган.

Видеонун автору окуя Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде болгонун билдирди.

"Кээ бир адамдар унаанын ичинде тоңуп атканда, башкалары "Мерседестин" үстүндө жүрүшөт", — деп жазган ал.

Ал эми ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы видеону иликтеп жатканын билдирди.

"Иликтөө жүрүп жатат. Бул факт аныкталса, анын катышуучулары жоопко тартылат", — деп айтышты маалымат кызматтан.

Мыйзамга ылайык, мындай ээнбаштыкка 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салынары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0