Эгиз балдар. Архив

Бешиктерин катар койбойт. Эгиздерге карата 6 "болбойт"

3180
(жаңыланган 15:46 29.12.2017)
Кыргыз эли эгиз балдарга өзгөчө көңүл буруп башка, чоочун адамдардын көзүнөн, сөзүнөн сак-сактап, аман-эсен чоңойсун деген максатта аларга карата атайын ырым-жырым, тыюуларды колдонушкан. Алардын айрымдары азыркы убакытка чейин пайдаланылып келе жатат.

Эгиздерге карата болбой турган тыюуларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов түшүндүрүп берди.

Эгиздерди бирдей алып жүрбөйт. Эгиз ымыркайларды торолуп-чоңойгуча көпчүлүккө бирдей алып чыкпайт. Жаңы төрөлгөн наристелер элдин көзүн көтөрө албай ооруп, атургай чарчап калышы да ыктымал деп айтышат.

Бешиктери бир жерге катар коюлбайт. Үйгө конок-кара келип калган убакта эгиздердин бешиги бир катарга коюлбайт. Мындай учурда да балдарга көз тийип калышы мүмкүн деп божомолдонуп жүрөт.

Түрдүү кийим кийгизбейт. Эгиз балдарды кичине кезинде сөзсүз окшош кийинтүү керек. Мындай ырымды ата-бабалар "кырсык келсе ажырата албай калсын" деген максатта колдонушкан.

Кийимдери баштан-аяк окшош болбойт. Эгиздердин кийими бири-бириникинен байпактары же бут кийимдери аркылуу айырмаланып турушу зарыл. Антпесе ата-энеси да адашып кетиши ыктымал.

Эгиздерге ар кандай ат коюлбайт. Түгөйү менен төрөлгөн балдардын аттары Асан-Үсөн, Апал-Үпөл сыяктуу уйкаш болушу зарыл.

Эгиздерди ажыратпайт, бөлбөйт. Эгиздерди кичине кезинде узак убакытка чейин бири-биринен ажыратып, бөлбөйт. Мындай учурда алар түгөйлөрүн сагынып, куса болуп оорушу мүмкүн. Кыздар бой жетип турмуш курганда, балдар эр жетип үйлөнгөндө гана эки башка жолго түшсө болот.

3180
Белгилер:
ырым-жырым, бала, эгиз балдар, Кыргызстан
Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)
Тема боюнча
Кудалашпайт, эсептешпейт. Туугандар ортосунда 7 "болбойт"
Чач-тырмакка байланыштуу 7 "болбойт"
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

91
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

91
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди
Чүй өрөөнү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

29
Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 31-майда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Талас менен Чүй өрөөнүндө +28…+33 градус, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23…+28 градус ысык болору айтылды.

Ал эми күндүн табы Бишкек шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +33…+35 градуска дейре жогорулайт.

29
Белгилер:
май, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Аптанын соңунда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат