"Сосновка" жана "Арал" постунда жылынуучу жайлар уюштурулду

Жазылуу
Төө-Ашууда кар токтогону менен шамал болуп жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Токтогул районунун "Арал" постунда ӨКМ тарабынан жылынуучу жайлар уюштурулганын аталган министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 15.40ка карата "Сосновкада" 120 жүк ташуучу жана 225 жеңил унаа турса, "Аралда" 500 оор жүк ташуучу унаа жана 200 жеңил унаа турат.

"Машиналар топтолгон жерге уюштурулган жылынуучу жайларда жүргүнчүлөр менен айдоочуларга ысык чай берилүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта Төө-Ашуунун түндүк-түштүк тарабында шамалдан улам күрткү болууда, бирок кар токтогону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0