"5 каналдын" жамааты ишмердигин токтотот. Акыркы эфир 28-декабрда

© Sputnik / Табылды КадырбековБешинчи каналдын логотиби. Архив
Бешинчи каналдын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-декабрь күнү акыркы жыңылыктар түрмөгү чыгат

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "5 каналдын" жамааты ишмердигин токтотуп жатканын кызматкерлер билдиришти.

28-декабрь күнү эфирге акыркы жаңылыктар түрмөгү чыгат. Саат 20.00дөгү жыйынтыктоочу берүүдө телеканалдын иши, мурунку жана азыркы кызматкерлери тууралуу баяндалат.

"28-декабрь күнү биз бардыгы кантип башталганын, жаңы кадамдардын кубанычы менен тааталдыгын эстеп, ишибиздин жыйынтыгы тууралуу сөз кылабыз. Дагы бир ирет сиздерге көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Акыркы жолу", — деп жазылат кызматкерлердин кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, канал биринчи ирет эфирге 2007-жылдын 12-февралында чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0