Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Жогорку Кеңеш жөлөк пул боюнча өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүн узартты

355
(жаңыланган 09:03 29.12.2017)
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзам 2018-жылдын март айынан тарта күчүнө кирет

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жөлөк пул боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүн узартуу боюнча демилгени үч окууда колдоп берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 3-16 жашка чейинки үч же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөк пул алмак. Анда жөлөк пул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт деп көрсөтүлгөн. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Бирок өкмөт ал мөөнөттү 2018-жылдын март айына чейин узартып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Эгер мыйзам күчүнө кирсе 30 миң бала жашаган 16 миңдей үй-бүлө жөлөк пул алчулардын тизмесинен чыгып калат. Алар жалпысынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр экен. Ошондон улам дагы башка механимздерди таба алабызбы деген ойдо үч айлык мөөнөт сурадык. Бирок сүйүнчү пул боюнча өзгөртүү ошол бойдон калат", — деп билдирген социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова.

Талкуу учурунда бир катар депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жүрүшүндө жана социалдык чөйрөдөгү коррупциялык жосундарды жоюу жаатында кетирилген кемчиликтер үчүнминистр Исакунова менен министрликтин жооптуу кызмат адамдарынын отставкасын талап кылышкан.

355
Белгилер:
мыйзам, жөлөк пул
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Нарында жөлөк пул тууралуу жаңы мыйзамга каршы митинг өттү
Нарын: бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилиши кейитип... Жөлөк пул, ачкачылык, нааразылык"
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

42
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

42
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт