Исаков там-ташы шамалдан жабыркаган тургундарга жардам берүүнү тапшырды

Жазылуу
27-декабрда өлкөнүн айрым райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жетип, турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков 27-декабрда катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, тийиштүү органдарга тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Обильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Январда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча өлкөнүн айрым райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жетип, турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган.

Мындан улам өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте аймактардагы там-ташы жабыркаган тургундарга курулуш материалдарын өздүк наркында берүү мүмкүндүгүн кароо тапшырмасын берди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер-жерлердеги катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон учурда кошумча атайы техникаларды тартуу тапшырылды. Аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга социалдык объектилерди табигый кырсыктардан жана өрттөн милдеттүү камсыздандырууну караган учурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Исаков аймактардагы тургундар арасында турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн камсыздандыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0