Вручение квартиры для сотрудников ГПС и ГСИН в Нарыне

Нарын: чек арачылар менен ЖАМКтын кызматкерлери үйлүү болушту

222
(жаңыланган 22:48 29.12.2017)
Жалпысынан ар бири 24 батирлүү болгон үч кабаттуу эки турак жай курулган

НАРЫН, 29-дек. — Sputnik. Бүгүн Тайлак баатыр атындагы Нарын облустук №2025 чек ара башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызматтык батирлердин ачкычын өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда салтанаттуу тапшырып берген. Батирлерге ысык, муздак суулар киргизилип, жылуулук дагы берилген. Бул үйлөргө батирге муктаж болгон кызматкерлер киришти. Учурда Нарын шаарында өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери үчүн дагы үй курулууда.

  • Вручение квартиры для сотрудников ГПС и ГСИН в Нарыне
    Бүгүн Тайлак баатыр атындагы Нарын облустук №2025 чек ара башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө батирлердин ачкычы тапшырылды
    © Sputnik
  • Вручение квартиры для сотрудников ГПС и ГСИН в Нарыне
    Кызматтык батирлердин ачкычын өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда салтанаттуу тапшырып берген.
    © Sputnik
  • Вручение квартиры для сотрудников ГПС и ГСИН в Нарыне
    Батирлерге ысык, муздак суулар киргизилип, жылуулук дагы берилген.
    © Sputnik
  • Вручение квартиры для сотрудников ГПС и ГСИН в Нарыне
    Бул үйлөргө батирге муктаж болгон кызматкерлер киришти.
    © Sputnik
  • Вручение квартиры для сотрудников ГПС и ГСИН в Нарыне
    Учурда Нарын шаарында өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери үчүн дагы үй курулууда.
    © Sputnik
1 / 5
© Sputnik
Бүгүн Тайлак баатыр атындагы Нарын облустук №2025 чек ара башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө батирлердин ачкычы тапшырылды

Эки турак жай тең 24 батирлүү. Жаза мөөнөтүн өтөөчү жайларда иштеген кызматкерлерге арналган үйлөр бир бөлмөлүү болсо, чек ара кызматынын турак жайында 1, 2, 3 бөлмөлүү батирлер бар. Бул курулуш аскер жана укук коргоо кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча каралган Россия Федерациясынын материалдык жардамынын эсебинен каржыланды.

222
Белгилер:
чек ара, көп кабаттуу үй, ӨКМ, Жаза аткаруу мамлекеттик комитети, Сапар Исаков, Нарын облусу
Тема боюнча
Жаңы жыл алдында Нарындагы чек арачылар жаңы конуштуу болмой болду
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

93
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

93
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди
Чүй өрөөнү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

29
Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 31-майда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Талас менен Чүй өрөөнүндө +28…+33 градус, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23…+28 градус ысык болору айтылды.

Ал эми күндүн табы Бишкек шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +33…+35 градуска дейре жогорулайт.

29
Белгилер:
май, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Аптанын соңунда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат