Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт канчага чейин иштери айтылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГорода России. Омск
Города России. Омск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык иш-чаралардын күндүзгү бөлүгү саат 12.00дөн 14.00гө чейин болсо, кечкиси 22.00дөн 00.00гө чейин созулат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкекте жыл жаңырган түнү коомдук транспорт саат бирге чейин иштейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал күнкү "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык иш-чаралардын күндүзгү бөлүгү саат 12.00дөн 14.00гө чейин болсо, кечкиси 22.00дөн 00.00гө чейин созулат.

"Шаардын борборунан кичи райондорго жана жаңы конуштарга каттаган маршруттук унаалар түнкү саат бирге чейин катташат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле шаардыктардын ыңгыйы үчүн Киев көчөсү менен №7, 9, 38, 42 автобустар, №4, 7, 8, 9, 14 троллейбустар каттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0