Ошко болгон учактардын каттамы үзгүлтүккө учурадыбы? Аэропорттун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосковский аэропорт "Домодедово"
Московский аэропорт Домодедово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бардык аба каттамдары өз убагында иштеп жатат

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Оштон Бишкекке келе жаткан учак авариялык эмес, штаттык режимде эле конгон. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы "Эйр Манас" авиакомпаниясынын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Буга чейин айрым ЖМК өкүлдөрү "Эйр Манас" авиакомпаниясынын учагы "Манас" аэропортунун аймагында асманда бир нече жолу айланып, авариялык абалда конгонун жазып чыккан.

"29-декабрда Ош — Бишкек каттамын аткараарда шассинин индикатору иштеп кеткен, бирок авариялык абалда конуу болгон эмес. Учак штаттык режимде эле конгон. "Эйр Манас" авиакомпаниясы тарабынан керектүү электроникалык жабдуу заказ кылынып, бүгүн алып келинет. Техникалык кызмат аны алмаштырат",— деп жазылат маалыматта.

Билдирүүдө рейсттер өз убагында каттап жатканы кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0