Путин Жээнбековду куттуктап, узап бара жаткан жыл жемиштүү болгонун айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Киргизию
Визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү ниетин билдирди

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Россия президенти жиберген телеграммасында узап бара жаткан жыл эки тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдегенин айткан.

Саясий диалог активдешип, ар кыл тармактагы эки тарапка тең пайдалуу болгон долбоорлор ишке ашканы белгиленген.

"Биздин өлкөлөр аймактын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүнү жөнгө салышты. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ багытында конструктивдүү кызматташууну мындан ары да кеңейтебиз деген ниеттерибиз бар", — деп айтылган телеграммада.

Путин Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми элге тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0