Кыргызстандагы жаштар эмне үчүн ишсиз отургандыгын айтып беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековПризывники Национальной гвардии КР
Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар орто эсеп менен иш издөөгө 8 ай коротот экен

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жаштары иш тажрыйбасы болсо да жумушсуз жүрүшөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталаган ведомствонун маалыматына караганда, ишсиз жүргөн жарандардын саны учурда 28 миңге чамалап барат.

Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттен сизге кандай жөлөк пул тиешелүү экенин билесизби? Тизме
Анын негизги себеби ал иштердин жыл мезгилине карата болгондугу. Ар бир экинчи жумушсуз адам жылдын белгилүү эле бир мезгилинде иштей алат.

Алардын бешөөнүн бирөө үй-бүлөлүк себептерден, ал эми 2 миң киши ден соолугунан улам иштей албайт.

1000ге чукул адам буга чейин эмгектенген ишканасы жабылып калгандыктан, аталган абалга тушуккан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар орто эсеп менен иш издөөгө 8 ай коротот экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0