Журналисттин бир көргөнүн хан көрбөйт! Sputnik кабарчыларынын жасаган эмгектери

© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жумуш учурунда. Архив
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө аналогу жок "Сынган кылыч" тарыхый романынын аудио китеби, Чоң Чүй каналынын курулушунун тарыхын казган лонгрид, Енисей кыргыздарына окшош өңү сары, көзү көк мекендештерибиздин сүрөт түрмөгү... Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жыл ичинде ушул жана башка көптөгөн эмгектерди ишке ашырды.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 2017-жылдын 1-январынан ушул күнгө чейин Sputnik Кыргызстан командасы күндү күн, түндү түн дебей 28 800 материал даярдап окурмандарга сунуштады. Кабарчылар жыл ичинде жазган кызыктуу макалалар туурасында кеп кылышат.

Нургул Максутова

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Нургул Максутова
Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Нургул Максутова - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Нургул Максутова

Сынган кылыч - Sputnik Кыргызстан
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп
Бул жылы Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча 27 сааттык аудио китеп жасадык. Аталган долбоорду биз баш-аягы жети айда бүтүрдүк. Бул жерде аудио китептен сырткары чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган. Бул жалгыз мен эмес, Sputnik Кыргызстанда иштегендердин ичинен 10го чукул кишинин эмгегинен чыккан продукция. Белгилеп айта кетиш керек, демилге биздин креативдүү продюсер Эрнис Алымбаевге таандык. Долбоорду жасап жатканда "Сынган кылычты" бир эмес, бир нече жолу кайталап окуп, чыгармадагы окуяларга, андагы ар бир деталдарга көңүл бурууга туура келди. Китептеги окуяларга бирде күлүп, бирде муңайып каармандар менен жашадым окшойт. Ошентип акырында окурмандарга, кыргыз коомуна "Сынган кылычты" ар кыл өңүттө тартууладык. Баары бүтүп, долбоордун бет ачарын өткөрүп, "өх-хх" дегенден кийин шеф-редактор Эркин Алымбеков "долбоор бүттү, ийгиликтүү жасалды, азыркы сезимдер кандай?" деп сурады. Тим эле эмоция менен "…бир боштукту сезип жатам" дедим. Ал мага таңгалды болуш керек… Эмнеге андай абалда болгонумду билбейм, кыязы, чоң жүк, жоопкерчилик менен ишти алып, анан ал бүткөндөгү бир сезим болду окшойт деп койдум өзүмчө.

Албетте, азыр менде "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча жасалган долбоор зор канааттанууну, сыймыктуу бир сезимди тартуулайт. Бул эмгегибиз менен коомчулуктун эсинен бүгүн, эртең чыгып кетпей турган, керек болсо көп жылдарга калчу эмгек жасадык деп ишенем. Бизге окурмандын жакшы пикири менен сөзүнөн өткөн сонун нерсе жок. Суктанган, алкаган, ыраазы болгон пикирлер республиканын ичинен да, сыртынан абдан көп болду. Ал тургай китептин аудиоверсиясын кайдан көчүрүп алсак болот деген суроолор жаады. Бул, албетте, жакшы жыйынтык деп билем.

Расул Үсөналиев

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Расул Үсөналиев
Колумнист Расул Усеналиев - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Расул Үсөналиев

Сахнадагы ырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сыйдан кетирген сыйлык. Мамлекеттик наамдын ызы-чуусу качан токтойт?
Бул жылы маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Мындан улам наамдар кандай жолдор аркылуу берилерин иликтеп, тийиштүү тараптардын пикирин билип көрдүм. Маданият министрлиги наамдар кимге бирилиши керектигин атайын коллегияда караганы менен акыркы чекитти президенттин аппараты коёрун айтышкан.

Ал эми маданият ишмерлери "наамдар калыс бөлүштүрүлгөндө коом арасында мындай талаш-тартыш жаралбайт болчу" деген пикирлерин билдиришти.

Бегимай Бакашева

© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева
Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Бегимай Бакашева - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева

Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
Каармандан маек алып жатып акыркы жолу качан ыйлаганым эсимде жок. Мындай учур биринчи жолу болду окшойт. КТРКнын директору Илим Карыпбеков маркум досу Темир Жумакадыров тууралуу айтып бергенде жашып кеттим. Мурда Жумакадыровду катардагы атка минер катары эле билчүмүн. Анын кесипкөйлүгү, адамдык бийик сапаты, достукка бекемдиги жана үй-бүлөгө камкордугу тууралуу досунан укканда өлкө ушундай уулун жоготконуна ичим күйдү. "Жигит өлбөс болсочу" деген саптын маанисин биринчи жолу чындап түшүнгөндөй сезилди. Адамдын баркын учурунда эмес, көзү өткөндөн кийин билгенибиз өкүндүрөт.

Таалайгүл Усенбаева

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева
Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Таалайгул Усенбаева - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева

Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар
Жыл ичинде Бишкектин таштанды таштоочу жайында иштеген балдар-кыздар тууралуу даярдаган макалам эсимде калыптыр. Себеби бул макалада жерден боорун көтөрө элек жатып эмгекке тартылган балдардын тагдырын чагылдыргам. Алардын жөнөкөй жумушта эмес, болгондо да таштанды төккөн жерде иштеп жатышы мени аябай түйшөлттү.

Ошондой эле жума сайын чыккан "Болбойт" рубрикасын даярдап, кыргыз элинин жазылбаган мыйзамдарынын маани-маңызын элге жеткирүүгө аракет кылдым.

Исмаил Мамытов

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов
Журналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Ажолукка аттанчулар, оппозиция жана бийликтеги тең салмактуулук. ЖК төрагасы менен маек
Негизи узап бара жаткан жыл биздин радио үчүн жемиштүү жыл болду. Анткени 2016-жылдын декабрь айында алгачкы ирет обого чыгып, 2017-жылга там-тум баскан баладай болуп кирип бардык. Алгач жаңылыктар гана окулуп жатса, март айынан тарта түз эфирде маектерди уюштура баштадык. Жыл ичинде мугалим, дарыгер, айдоочудан тарта министр, депутаттарга чейин эфирибиздин коногу болушту. Ал эми төрага Чыныбай Турсунбеков менен болгон маек эң көп угармандарды топтогон эфир болду. Анткени КСДПдан президенттикке ким барары белгисиз болуп, бул маселе баарын кызыктырып жатканда Чыныбай Турсунбеков эфирден шайлоого барып калышы мүмкүндүгүн айтып, ачыла маек куруп берген. Бул жаңылык коомчулукту эле эмес, Ак үйдөгүлөрдү дагы таң калтырды. Ушул сыяктуу уктуруулардын арты менен өз угармандарыбыздын катарын калыңдата алдык.

Эламан Карымшаков

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков
Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков

Был жылы көбүнчө маданият, спорт жана социалдык темалардын үстүндө иштедим. Ал эми Астанадагы көк бөрү мелдеши эсте калаарлык окуялардын бири болуп калды. Оюн башталбай жатып чыр чыкканын, жеңиштин колдон учканын жана "байгени сатып жибердиңер" деген элдин дүбүртүн кесиптешим Алия Раимбекова экөөбүз ыкчам жана ар тараптуу чагылдырып жаттык. Анан "Кыргызстанда жашаган байыркы енисейлик кыргыздардын сүрөттөрү" деген долбоорду жасап жатканда "көзү көк, өңү сары кыргыздар барбы", деп бүт 

Кыргызстандын көк бөрү боюнчка курама командасынын оюнчулары - Sputnik Кыргызстан
Ушул балдар саткынга окшоп турабы?! Кыргызстан командасынын жетекчиси оюн тууралуу
тааныштарымдан сурап чыктым. Көчөдөн сары адамдарды көрсөм токтотуп сурай калып… Кесиптештеримдин да тааныган-билген "сары кыргыздары" калган жок. Ар бирин издеп таап редакцияга келе албагандардын үйүнө, жумушуна чейин барып сүрөткө тартып, эки ай дегенде даяр болду. Кызыгы 18 жашка чыга элек балдардын ата-энесинен сүрөткө тартууга уруксат кат албай коюптурмун. Сайтка чыккандан кийин редактор "балдардын уруксат каттары кана?" деп сурады. Мына сага тамаша… Кайра ар бирине барып бир күндүн ичинде жаздырып келгем.

Гүлдана Талантбекова

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова
Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Гулдана Талантбекова - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
Мурда медицина жана маданият тууралуу материалдарды даярдап келгем. Спорт тармагына аралашууга ММА мушкери Мыктыбек Мамасалиевден (Ак аюу) алган интервьюдан таасирленсем, Кыргызстандын WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышевдин кеп-кеңеши тажрыйба топтоого жардам берди. Ошентип ММА спортуна болгон кызыгуу башка спорттун түрлөрүн да камтып элге чагылдырууга жардам берди.

Спортчулар, силер утсаңар абдан толкунданам, жеңилсеңер силерден кем калышпай санаа тартам. Катуураак муштум жесеңер билмексен болом. Бирок ичимден ызаланам.

Мирбек Сакенов

© Sputnik / Эламан КарымшаковSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов
Журналист Sputnik Кыргызстан Мирбек Сакенов - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов

Чоң Чүй каналынын көмүскө сырлары - Sputnik Кыргызстан
Өлгөндөрдү көмүүгө чоло жок болчу... Чоң Чүй каналынын көмүскө сырлары
Өтүп бараткан жылы мыкты материалдарды жасаганга бел байладым. Алардын ичинен буга чейин кеңири изилденбеген Чоң Чүй каналынын курулушу жөнүндөгү лонгрид негизги эмгектеримдин бири болду. Бул долбоордун үстүнөн эки айдай иштеп, кесиптештеримдин жардамы менен мыкты материал жарата алдык. Анда архивдеги документтерден жаңы маалыматтарды таап, окурмандарга жеткиргенбиз.

Ошондой эле сегиз баланы татыктуу тарбиялап, чемпион кылып өстүргөн ата тууралуу баян баарыбызга үлгү болду. Бул менин сыймыктанаарлык макалам десем дагы болот. Эми буюрса келе жаткан жаңы жылда андан дагы мыкты тарыхый окуяларды баяндаган эмгектерди жасаганга бардык аракетимди жумшайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0