Кыргызстан диний билим алууга тыюу сала турган өлкөлөр

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМечиттеги китеп. Архивдик сурөт
Мечиттеги китеп. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөлөрдөгү диний билим берүү биздин өлкөдөгү диний агымдардын ортосундагы пикир келишпестиктерге алып келет деген адис

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний билим алууну чектөө керек деген бир нече өлкөлөрдү белгилеген. Ага Сауд Аравия падышалыгынан тарта Иракка чейин бир нече мамлекет кирген. Бул туурасында Булан институтунун диний темага арналган баяндамасында айтылат.

"Диний билим алуу үчүн Сауд Аравия падышалыгы, Пакистан Ислам Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Ирак Республикасы, Ливия мамлекети, Йемен Республикасы жана Сирия Араб республикасына барышын чектөө керек", — деп айткан Булан институтуна КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Замир Турсунбеков билдирди.

Муну адис ал жактарда Кыргызстанда кабыл алынган салттуу диний баалуулуктар окутулбагандыгы менен аргументтеген.

"Аталган өлкөлөрдөгү диний билим берүү биздин өлкөдөгү диний агымдардын ортосундагы пикир келишпестиктерге алып келет", — деп кошумчалаган ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын билдиргенине караганда, диний билим алууга Борбор Азиядагы, Россия, Түркия, Египет жана Малайзиядагы университеттерди сунуштоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0