Археологдор Кыргызстандан муз дооруна таандык "сыйкырдуу" тумар табышты

© Sputnik / Александр Лыскин / Медиабанкка өтүүАрхеологиялык иштер. Архив
Археологиялык иштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым табылгаларга 23 миң жылдан ашык убакыт болгон

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Новосибирскиден келген археологдор Борбор Азиядагы Америка университетинин изилдөөчүлөрү менен чогуу Кыргызстандын Алай өрөөнүнөн палеолит доорунун акыркы учуруна таандык болгон артефактарды табышты. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн археология жана этнография институтунун билдирүүсүндө айтылат. 

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү? Бүтпөгөн сөөк чыры
Табылгалардын арасынан эт туураган бычак жана таштан жасалган азем буюмдар бар. Изилдөөчүлөр жашы 23 миң жылдай болгон homo sapiens адамынын сүт тиштерин дагы табышкан. Бул убакыт муз доорунун акыркы учурларына дал келет.

Ошондой эле окумуштуулар серпентин ташынан жасалган азем буюмдарды табышкан. Россиялык археологдор бул буюмдар Тянь-Шань менен Памирден калдыктары табылган байыркы доордо жашагандар тарабынан жасалганын аныкташкан.

Бардык артефактар Памир — Алай (Кыргызстан) тоо этектериндеги Обишир археологиялык эстеликтер аймагынан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0