Күндүз уктоо ден соолукка кандай таасир этерин окумуштуулар айтты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСтуденттик аудиториядагы уйку. Архив
Студенттик аудиториядагы уйку. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу маалы менен уктап туруу адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир берерин билдирген

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Американын Калифорния университетинин профессору, сомнолог Мэттью Уолкер күндүз уктоо адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу айтты. Бул тууралуу РИА Новости  агенттиги BusIness Insider басылмасына таянуу менен билдирди.

Невролог Темирбек Бекбоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Невролог: демди жасалма токтотуп, андан ырахат алуу өлүмгө алып келет
Күндүз уктоо мээге жана ден соолукка оң таасир бергени менен түндө адамдын уйкусу качып жакшы укташына жолтоо болот. Адис күндүз 40-50 мүнөттөн ашык куш уйку салгандар кечинде дароо уктай албай көпкө чейин кыйналарын белгилеген.

Уолкер ошондой эле күндүз уктоо түндө канбай калган уйкунун ордун толтура албай турганын айтат. 

"Уйку карыздарды чогултуп туруп бир төлөп койгудай банк эмес. Мисалы бир жумада уйкуну кыскартып, калганын дем алыш күндөрү уктап алам деген болбойт", — дейт профессор. 

Ал ошондой эле маалы менен уктап туруу адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир берерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0