Быйыл дагы 275 мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштайт

© пресс-служба мэрии города БишкекПрезентация новой модели питания для школьников в Бишкеке
Презентация новой модели питания для школьников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2002-жылдын 27-июнунда башталгыч класстар үчүн "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" мыйзамы кабыл алынган

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 275 орто мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштайт. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

"Кабыл алынган документке ылайык, 275 мектептин 1-4-классынын окуучулары ысык тамак менен камсыз болуп, окуучулардын санына жараша ашпозчулардын саны дагы көбөйөт", — деп айталат билдирүүдө.

Главный специалист Управления школьного образования Минобразования Назгуль Мусаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мусаева: балдардын массалык мушташуусу — эң көйгөйлүү маселелердин бири
Белгилей кетсек, 2002-жылдын 27-июнунда башталгыч класстар үчүн "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" мыйзамы кабыл алынган.

Учурда өлкө аймагындагы орто мектептерде 1-4-класстын окуучуларына нан азыктары менен чай, компот же сүт берилет.

Ал эми 2014-жылдан бери өкмөттүн токтомуна ылайык, бир нече мектеп окуучуларга ысык тамак бере баштаган. Ал жылы 134 мектептин окуучулары ысык тамак иче баштаса, 2015-жылы мындай мектептердин саны дагы 331ге көбөйтүлгөн. Эми алардын катарын 275 орто билим берүү мекемелери толуктамай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0