Фотофакт: Ысык-Көлдө кыштаган фламинго

Жазылуу
Адистердин айтымында, бул экзотикалык чымчыкты Ысык-Көдүн жээгинен кыш мезгилинде көрсө болот

Иван Турковский аттуу сүрөтчү өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына Ысык-Көлдө кыштап жаткан фламинголордун сүрөтүн жарыялады. 

© Sputnik Кыргызстан, Фото / Иван ТурковскийЫсык-Көлдө кыштап жаткан фламинголор
Розовый фламинго на берегу озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө кыштап жаткан фламинголор

"Канчалык таң калычтуу болбосун, бирок бул куштарды кыш мезгилинде Ысык-Көлдүн жээгинен кезиктирдим. Тилекке каршы, дал кайсы жерде экенин жаза албайм. Көргүсү келип баргандардын залакасы тийип калбасын деп чочулайм. Укмуштуу жаратылышы менен айырмаганган ажайып өлкөдө жашайбыз. Баалай билели", — деп жазды фотограф.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүрөтчүнүн өзү менен байланышып, сүрөт 2017-жылдын 28-декабрында тартылганы белгилүү болду.

© Sputnik Кыргызстан, Фото / Иван ТурковскийЫсык-Көлдө кыштап жаткан фламинголор
Розовый фламинго на берегу озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө кыштап жаткан фламинголор

"Көлдөн жаз жана күз мезгилдеринде Кызыл китепке кирген укмуштуу чымчыктарды кезиктирсе болот. Мен архивди карап көрсөм, Ысык-Көлдөн азыр кезиктирип жаткан келгин куштар мурда эң эле жакын дегенде Тажикистандын биздикинен жылуураак климатында кыштачу экен", — деди Турковский.

Орнитолог Эрик Шүкүровдун пикиринде фламинго Кыргызстанда өтө эле сейрек кездешет.

© Sputnik Кыргызстан, Фото / Иван ТурковскийЫсык-Көлдө кыштап жаткан фламинголор
Розовый фламинго на берегу озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө кыштап жаткан фламинголор

"Бул чымчыктарды кез-кезде Кыргызстандан жолуктурса болот. Айрым учурда кыштаганы келишсе, кээде башка өлкөгө учуп баратып, бизде тыныгышат. Анүстүнө быйыл кыш жылуу болуп жаткандыктан, фламингого тамак таап жей турган шарттар жок эмес", — деп түшүндүрдү Шүкүров.

Анын айтымында, бул чымчыктарды ар кандай көлмө, суу сактагычтардын жанынан көрсө болот, бирок тамак көбүрөөк болгондуктан, көбүнесе Ысык-Көлдү жактырышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0