Балатынын жанында сүрөткө түштүңүзбү? Жаңы жылдык кооздуктар жакында жыйналат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы жаңы жылдык кооздуктар
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык кооздуктар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы балатыны, Ала-Тоо аянтын жана шаардын көчөлөрүн кооздоого жалпысынан 15 миллион 580 сом сарпталган

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жаңы жылдык кооздуктар 14-январдан тарта жыйнала баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майрамдык концерттен кийин “Ала-Тоо” аянтынан 10 тонна таштанды чыгарылды
Болжол менен ошол күндөрү негизги балаты дагы алынат. 

Башкы балатыны, Ала-Тоо аянтын жана шаардын көчөлөрүн кооздоого жалпысынан 15 миллион 580 сом сарпталган. 

Борбордук аянтты көркүнө келтирүүгө 2 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Ал акчага жети балаты, үйдүн формасындагы эки декоративдик конструкция, 12 торшер, "2018" деген диоддук жарыгы бар конструкция алынган. 

Бул жылкы эң көп каражат, тагыраагы, 9 миллион сом диоддук лампалары бар базалык жабдууга кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0