Пластикалык хирургиясыз эле жашаруунун жолу табылды

© AP Photo / Jill ConnellyМакияж жасап жаткан кыз, Архив
Макияж жасап жаткан кыз, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор иликтөө сынамык иртениде гана жүргүзүлөгөнүн, дагы изилдөөнү талап кыларын айтышты

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын Иллинойс штатындагы Түндүк-батыш университетинин дерматологдору кымбат косметикасы жана пластикалык хирургиясы жок эле жашаруу ыкмаларын табышты. Бул тууралуу JAMA Dermatology журналындагы макалага таянып РИА Новости жазып чыкты.

Кучакташып бийлеп жаткан кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар эркектин жыты аялга кандай таасир берерин аныкташты
Дарыгерлердин айтымында, жашаруу үчүн мимикалык көнүгүүлөр жетиштүү. Адистер атайын 20 жумалык "бет үчүн көнүгүүлөрдүн" программасын иштеп чыгышкан. 40 жаштан 65 жашка чейинки 16 аял машыктыруучулар менен бирге 32 көнүгүүдөн турган программаны өздөштүргөн. Кийинки 20 жуманын аралыгында катышуучулар күнүгө жарым сааттан аталган көнүгүүлөрдү үйүнөн жасап турушкан.

Аялдарды экспериментке чейин, эксперимент убагында жана андан кийинки келбеттери сүрөткө тартылган. Иликтөө тууралуу кабары жок дерматологдор алгачкы сүрөттөрдү көрүп аялдардын орточо курагын 50,8 жаш экенин айтышкан. Кийинки сүрөттөрдү көрүп айымдарга 48,1 жаш беришкен.

"Эгер биз алган жыйынтык тастыкталса жашаруунун оңой жана арзан ыкмасы табылат. Теринин алдындагы булчуңдар чоңоюп, терини калыңдатып, бетти чоң кылып көрсөтөт", — деди иликтөөнүн автору Мурад Алам.

Илимпоздор иликтөө сынамык иртениде гана жүргүзүлөгөнүн, дагы изилдөөнү талап кыларын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0