Улуттук кийим кийген кыз. Архивдик сүрөт

Сөз ташыбай, төш ташы! Келиндер кыжырды кайнатканда

3052
(жаңыланган 21:00 09.01.2018)
Ар бир нерсенин өз орду болот эмеспи, кыргыздар дал ушул нерсеге аябай маани берген калк.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тамаша-чын иретинде ар бир адамга карата алардын биздин менталитетке дал келбеген же кээде кыжырга тийип жиберген жоруктарын тизмектемей болду. "Чү" дегенде эле келиндерден баштадык.

Түшкө чейин уктагандар. Кайын журт бул учурда кыжыры келмек тургай, ага барып кыйкырып жибергиси келет. Ооба, жаңы барып, келиндик жашоого көнө албай жатасың, түнү менен конок тосмой… Бирок жок дегенде жаңы барган эки-үч жыл эртерээк туруп кайнене-кайнатага ысык чайыңды берип тур, батасы деле тиет. Кыз кезиңде уйкунун планын аткарган чыгарсың.

Эки күндүн биринде төркүнгө чуркагандар. "Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" деген сөз так ушундай келиндерге арналган. Анан да жөн барбай кайын-журттагы сөздүн бирин калтырбай ташып баргандар жанды гана кашайтат да.

Телефон колунан түшпөгөндөр. Кайнене-кайнатанын кыжырын кайнаткан дагы бир учур. Же быжырап бирөө менен сүйлөшөт же телефонду эми көргөндөй колунан түшүрбөй чукулайт. Оокат-жумушуңду бүтүрүп коюп, өз бөлмөңө кирип алып каалаганча сүйлөшсөң деле жетишесиң.

Илээндилер. Үйүнө барсаң бир бурчунда кири жатат үйүлүп, бир жагында кийими жатат чачылып, кир идиши додолонгон, эмерегиндеги чаңы беш эли. Анан көзүн ушалап, саксайып өзүнүн бөлмөсүнөн чыгып келет. Ооз тийгизейин деп же нанын таппайт. Ай кудай, ай…

Тили заар келиндер. Бирди айтса тибиреп бешти айткан, айтканда да сөзүнүн уусу чучугуңа жетип кеткендер бар. Сабырдуу бололу, келиндер. Бул да болсо тарбиянын, ыймандын бир белгиси.

Бой көтөргөндөр. Асмандан түшсөң да эмне болуптур, жок дегенде керсейбей ийилип чай куюп, ийилип сунуп кой. Келин деген келиндей болгон жакшы. Теңсинбей, текеберленген мүнөз жакшылык алып келбейт эмеспи. Бирде болбосо бирде муну көзүңө карабай айтчулар табылат, ошондо назарың сынбасын. Андыктан, арыдан бери болгон оң.

Кесирленгендер. Барды бардай баалай билсең. Ар ким өзүнүн чама-чаркына жараша оокат кылат.

3052
Белгилер:
кайын, келин
Тема:
Кыжырды кайнаткандар (57)
Тема боюнча
Эгиз кыздарга үйлөнгөн эгиздер: келинчектерибизди алмаштырып алган учур болот
Түркмөнстанда кыз-келиндерге машина айдоого тыюу салынды
Келин келди ак шөкүлө жамынып... Келин алууда эмнелерди эске алуу керек