Актер Жеңиш: "Айыл кэмп" тасмасы жаман адатымды оңдоду

© Фото / Алишер АлиевСъемки фильма "Айыл кэмп"
Съемки фильма Айыл кэмп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер Жеңиш Майрамбек уулу "Бир тууганчик" тасмасында байкесинин айласын кетирип, "Напарниктер" фильминде кесиптешинин эсин оодарып тасмалардын көркүн ачкан.

Бажы кызматкери болом деп жүрүп кокустан актер болуп калган позитивдүү Жеңиш менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашып акыркы жаңылыктары менен ийгиликтери тууралуу ой бөлүштү.

— Актер элеңиз эми тасма тартып баштаптырсыз. Режиссердун милдетин аткаруу кыйынга турган жокпу?

— Кыйын эле болду. "Айыл кэмп" балдар комедиясын тартам деп соолуп, төрт килограммга чейин арыктап кеттим. Тасмада өзүм да роль жараткам, андыктан актерлуктан алыстап кеттим деп айта албайм.

— Жаңы жылды жакшы жаңылыктар менен баштаган турбайсызбы. Тасмаңыз көрсөтүлө баштадыбы?

Знаменитый актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Осмонканов: "Оскар" сыйлыгынын номинациясына илинүүгө максат койдум
— Ооба, өткөн 2017-жыл да мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эң эле биринчи кубанычым — ата болдум. Аталык сезим өзгөчө окшойт "кой, жөн отурбай иштейин" деп "Айыл кэмп" аттуу балдар коемдиясын тартып баштадым. Сценарийин досум Бакыт Осмонканов экөөбүз февралда жазганбыз. Жай мезгили тартып, кышында жаңы жылда эл назарына сунуштадым. Тасма 4-январдан баштап калаанын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

— Эмне үчүн балдар комедиясын тарттыңыздар?

— Бул тасманын сценарийинин жаралып калышына Мадина деген жакын курбу кызыбыз себепкер. Бир күнү ал биздин студияга синопсис (кыскача сценарий) алып келип калды. Анда кыргыз тилин, каада-салтын билбеген шаардык балдар айылга барып, айылдын жашоосуна чөмүлүп он күн жашап калганы тууралуу баяндалган. Бул Бакыт экөөбүзгө тең жагып, анын негизинде тасмага ылайыктап сценарий жаздык. Ошентип балдар комедиясы жаралды.

— Бир фильмдин 2 секунддук эпизодуна катышам деп төрт-беш дубль тартылганым эсимде. Ал эми балдарды тасмага түшүрүү бир топ кыйынчылык жаратса керек?

— Негизи эле тасма тартуу оор, анын ичинен комедия, андан балдар комедиясын жаратуу өтө кыйын экен. Абдан көп эмгек талап кылынды. Тасмага чындап эле шаардын жашоосуна көнгөн, каада-салтты жакшы билбеген, кыргызча жакшы сүйлөй албаган балдар тартылды. Бирок аягында алардан да кадимкидей жылыш байкалды. Фильмге 8-15 жашка чейинки 15тей бала катышкан, алардын кээ бири "чарчадым" десе, бири ыйлайт, ошентип жатып Чуңкурчак айылында 10 күн жашадык.

— 10 күнгө балдардын ата-энеси жөн эле уруксат бердиби?

— Биз кастинг жарыялаганда бардык ата-энеге сценарийди түшүндүрүп "балаңар ыйлап, өз алдынча жүрө албаса албайбыз" деп айтканбыз. Тандалган балдардын ата-энеси каршы болушкан жок.

— Балдар жашоодо эле артист го, тартуу маалында кызыктуу учурлар көп болсо керек?

— Биз барган учурда Чуңкурчактын болуп-толуп турган учуру экен. Кээ бир балдар чөптөн аллергия болуп, көздөрү шишип кыйналды. Ага карабай ролдорун мыкты аткарышты. Анан да кызыгы 13-14 жаштагы шаардык балдар бизди таң калтырып ат чаап, өзүнчө эле каскадер болушту. Муну ата-энелери укса мени сотко беришет го (күлүп). 

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер Жеңиш Майрамбек уулу: "Айыл кэмп" балдар комедиясын тартам деп соолуп, төрт килограммга чейин арыктап кеттим
Актер Жениш Майрамбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Актер Жеңиш Майрамбек уулу: "Айыл кэмп" балдар комедиясын тартам деп соолуп, төрт килограммга чейин арыктап кеттим

— Анан режиссер болгон жактыбы?

Жарайт City юмордук долбоорунун продюсери Асхат Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
КВН жылдызы Асхат: убагында таракан баскан үйдө жашоого туура келген
— Кыйын экен. Буга чейин тасмаларга тартылып, өзүмдүн гана актердук чеберчилигимди курчутуп жүрсөм, режиссер болгондо башкаларды да байкап, аларды да оңдоп-түзөп калат экенсиң. Бул жайкы мезгил мен үчүн эстен кеткис убакыт болду окшойт. Өзүм уйкуну жакшы көргөн жанмын, бир күндө төрт сааттан эле уктап, аябай кыйналдым. "Айыл кэмп" мен үчүн чоң сыноо болуп, андан ийгиликтүү өтүп алдым.

— Дайыма комедия жанрындагы тасмаларга тартыласыз, образдарыңыз да адамдын боорун эзет. Чыныгы жашоодо да мүнөзүңүз ушундайбы?

— Чыныгы жашоодо деле ушундаймын, жумшак, бирөөгө катуу айта албайм. Бирок бир жарылсам жаманмын. Кичинекей балдарды жакшы көрөм.

— Режиссерлор негизи сүрдүү, олуттуу болот го. Тасма тартып жатканда жумшактыгыңыздан балдар "башыңызга чыгып кеткен жокпу?"

— Бул жагынан Бакыт досума баа берем. Мүнөзү дайыма оор басырыктуу. Актерлор андан коркуп, сүрдөп айтканындай аткарат. Биз "Айыл кэмпти" балдар менен ойноп-күлүп жатып эле тартып койдук. Бирок ошол эле учурда балдар менин жумшактыгымды түшүнүп жардам берип жатышты. Моюнга, башка чыгып алгандар болду, бирок акырын түшүрүп коюп жаттым. Негизи эле көпчүлүк учурда мени эл олуттуу адам катары кабыл албайт.

— Бул сизге оңтойсуздук жаратпайбы?

— Башында жаман боло берчүмүн, кийинчерээк көнүп кеттим. Менимче бул нерсенин жакшы жактары деле бар. Мен эч нерсе кылбай жөн эле адамдарга жылмаюу, жакшы маанай тартуулай алсам, анда мен бекеринен жашаган жокмун. Негизи азыр элдин көбү көп күлбөйт го.

— Жубайыңызды да зериктирбесеңиз керек?

— Албетте, күлдүрүп маанайын көтөрүп турбасам болбойт. Келинчегимдин алдында образда болбой калсам, анда ал үчүн мен өзгөрүп, башка адам болуп, бирөөнү таап алган болуп калышым мүмкүн. Ал азыр бала менен үйдө отурат да, аялдар мындай учурда туталанып, урушкусу келип депрессия болот турбайбы, ошондуктан анын маанайын дайыма көтөрүп турбаса болбойт. Бирок кээде чарчап барган учурда өзү эле түшүнөт. Экөөбүз бири-бирибизди көз караштан байкайбыз.

— Келинчегиңиздин жүрөгүн да тамашакөйлүгүңүз менен багынтып алдыңыз беле?

Актер Нурсултан Курсанали уулу - Sputnik Кыргызстан
"Жарайт ситидеги" "мурутчан" КРде эмне жөнүндө тамаша кылууга болбой турганын айтты
— Балким, экөөбүз ата-энебизге билгизбей жети жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүптүрбүз. Азыр өзүм да таң калып кетем. Келинчегим да, мен да Юридикалык академияда окуп, ошол жактан таанышканбыз. Башында ал көпкө чейин "таанышпайм" деп жүрүп бир күнү "байке мен сиз менен тааныша албайм, туура түшүнүңүз, жигитим бар" деген көп сөздөрдү жазып туруп аягына "спокойной ночи" деп коюптур. Окуп алып аябай күлдүм да "аа, менде көңүлү бар экен" деп акырындан тийишип, кат жазып, телефон чалып акыры кыз-жигит болуп калдык.

— Кесибиңиз боюнча кимсиз?

— Бажы кызматкери

— Анан кандайча актер болуп кеттиңиз?

— Чынын айтсам, окуп жүргөн кезде эле аябай бажы кызматкери болгум келчү. Ошол кезде бул кесип байлардын категориясына кирчү. Практикага барганда деле баары ойдогудай болгон. Бирок бизде бардыгы тааныш-билишке салат эмеспи, мындан улам акыры каалоом сууп калды. Анын үстүнө "Тамашоуга" келип чыгармачылыкка аралашкандан кийин да бажы тармагы меники эмес экенин түшүндүм окшойт.

— Кичинеңизде эле актер болгуңуз келчү беле?

— Суктанчумун. Мистер Бин, Жим Керри сыяктуу актерлордун ойногонун көрүп күлүп, каткырып, аларга баа берчүмүн.

— Олуттуу кесиптин ээси болом деп жүрүп куудул актер болуп кеткениңизди ата-энеңиз кандай кабыл алды?

— Атам Майрамбек атына заты жарашкан шайыр, тамашакөй адам. Бирок өзү мамлекеттик органдарда иштейт. Апам токтоо, тамаша дегенди деле түшүнө бербейт (күлүп). Бирок алар менин чыгармачылыгымды болуп көрбөгөндөй колдошот.

— Үйдүн эркеси көрүнөсүз, өзүңүз кандай атасыз?

— Жалжаке атамын. Тилди чыгарып алып, эл укпаган үндөрдү чыгарып, акробатиканын түрүн жасап баламды зериктирбейм. Ал да мени менен жакшы ойнойт. Жүрөгү сезет окшойт. 

© Фото / Данияр БолотбековЖеңиш Майрамбек уулу: буга чейин тасмаларга тартылып, өзүмдүн гана актердук чеберчилигимди курчутуп жүрсөм, режиссер болгондо башкаларды да байкап, аларды да оңдоп-түзөп калат экенсиң
Главные герои фильма Бакыт Осмонканов и Жениш Майрамбек уулу. - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш Майрамбек уулу: буга чейин тасмаларга тартылып, өзүмдүн гана актердук чеберчилигимди курчутуп жүрсөм, режиссер болгондо башкаларды да байкап, аларды да оңдоп-түзөп калат экенсиң

— Элди күлдүрүү, жагымдуу маанай тартуулоо үчүн кандай "фишкаларды" колдоносуз?

— Азыр трагедия жашоодо деле жетишет. Адамдын көбү ансыз да ыйлай турган абалда жүрөт. Аянычтуу видео көрсөтүп койсоң эле шолоктоп жатып калат. Ал эми күлдүрүп, боорун эзүү кыйын. Юмордо талап да күчтүү. Мен жаңсоо, импровизация жагынан жакшы болуп, ошол жол менен элге жакшы маанай тартууласам керек.

— Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?

— "Айыл кэмп" тасмасына чейин жоопкерчилик жагынан аксап, дайыма бир жакка кечигип барчумун. Бирок азыр ал жаман сапат жоголуп баратат.

— Сиз тартылган тасмалар эң кассалуу, популярдуу фильмдер болууда. Гонорарыңыз деле жакшы болсо керек?

— Жакшы же жаман деп айта албайм. Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү бакканга жетет. Акчанын артынан кубалаган адам эмесмин. Бакыт экөөбүз дайыма иш баштаарда же тасма тартаарда кассалуу фильм болсун деп максат койбойбуз. Башкысы сапатына көңүл бурабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0