Бишкекти каптаган кара түтүн: Исаков ТЭЦтин абаны булгаганына тынчсызданды

© Sputnik / Михаил ДудинЗагрязнение воздуха в Бишкеке
Загрязнение воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну төмөндөтүү максатында Бишкекке газ менен жүргөн автобустарды алуу чечими кабыл алынган

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаардык ТЭЦинин абаны булгоосун төмөндөтүү жолдорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Борбордун тургундары Бишкектеги абанын булгануусу боюнча туура сын айтып жатышат", — деди Исаков.

Работа ТЭЦ в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин абасы канчалык зыяндуу. Кыргызгидрометтин маалыматы
Улуттук энергетикалык холдингдин маалыматына ылайык, ТЭЦти модернизациялоо маалында түтүн газдарын тазалоочу жаңы блоктор курулган. Мында түтүн газдарын катуу бөлүкчөлөрдөн 99 пайызга, күкүрт кычкылынан 97 пайызга чейин тазалай турганы айтылган.

Эске салсак, абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну төмөндөтүү максатында 2017-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын муктаждыгы үчүн газ менен жүргөн автобустарды алуу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0