Мас милиционер кабылган жол кырсыгы: кызматкер убактылуу кызматтан четтетилди

Жазылуу
ИИМдин ички иликтөө кызматы милиционердин мас абалында унаа айдоосу боюнча фактыны иликтеп жатат

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кызматкери төргөө учурунда ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, тергөө иштерин ички иликтөө кызматы колго алган.

4-январь күнү саат 15.00дө Toyota Camry унаасын айдап бара жаткан милиция кызматкери жол кырсыгына кабылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал мас абалда болгон.

Кийин ИИМ кырсыкка кабылган милицонер Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү болуп чыкканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0