Темир Жумакадыров каза болгон кырсык боюнча иш сотко өттү

© Фото / © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуТемир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы
Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалдар Москва райондук сотунда каралат

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадыровдун өлүмүнө байланышкан иш сотко өткөндүгүн ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров с семьей - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыровдун келинчеги коомчулукка кайрылды
Жумакадыров өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. 

Ал кырсыктан вице-премьер-министрдин жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан.

Кийин Жумакадыров бара жаткан жолтандабас менен сүзүшкөн КамАЗ унаасынын айдоочусу камакка алынган.

ИИМдин төргөө башкы башкармалыгы иликтөө иштерин аяктады. Баардык материалдар Москва райондук сотуна өткөрүп берилди.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайда.

Жаңылыктар түрмөгү
0