Жактоочу: Аида Салянова ден соолугунан улам ишке чыга албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат ден соолугуна байланыштуу сот отурумдарына катыша албайт

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова оорусунан улам ишке чыга албайт деген маалым кат берилгенин эл өкүлүнүн жактоочусу Чынара Жакупбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүгүн, 9-январда саат 14:00дө Бишкек шаардык сотунда Салянованын иши каралат. Жактоочусунун айтымында, депутат ден соолугуна байланыштуу ишке катыша албайт.

"Салянова ооруп жатканын жана стационардык дарыланууда болгондуктан сотко катыша албай турганын тастыктаган маалым катты сотко жибердим. Жыйынтыгында дарыгерди сотко чакырышыты. Эл өкүлүнө кандай диагноз койгонун так билбейм, бирок жүрөк оорусуна байланыштуу болчу. Ага ишке жөндөмсүз деген кагаз жазып беришкен", — деди Жакупбекова.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн кабыл алган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган.

Эл өкүлү юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0