Талапка жооп бербейт! Өлкөнүн түштүгүндө алты диний окуу жай жабылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в регионах России
Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишмердүүлүгү токтотулган диний окуу жайлардын айрымдары медресе катары катталуу үчүн тиешелүү документтерин даярдап жатышат

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан облустарда талапка жооп бербеген алты диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Алтын урпак”, “Сузак” мекемелери кайрымдуулук уюму катары катталган. 

“Бирок, аталган мекемелер өз каалоосу менен барган балдарга диний билим берип келген. Билим берүү үчүн медресе катары каттоодон өтүшү керек. Мекеме жетекчилигине катоодон өтүү керектиги эскертилип, жабылды. Учурда бул уюм медресе катары катталуу үчүн тиешелүү документтерин даярдап жатышат", — деди Мурзабеков.

Ал кошумчалагандай, Ноокат районундагы “Султан Саркар”, Кара-Суу районундагы “Имам Аъзам”, Араван районундагы “Рустам Хаджи”, Кызыл-Кыя шаарындагы “Азирети Али” атындагы окуу жайлары дин комиссиясынын талаптарына жооп бербегендиги аныкталып, жабылган. Себеби аталган окуу жайларында окуу шарттары, жатаканасы, мугалимдердин билим деңгээли жетишээрлик болгон эмес.

Исламская школа в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Булан институту: медреседе окугандардын басымдуу бөлүгү көп балалуу үй-бүлөдөн
"Мекемелерди жабуу боюнча чечимдер Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, казыяттар менен биргеликте кабыл алынган. Мындан сырткары, текшерүү учурунда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 16 медресенин жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча расмий эскертүүлөр берилген", — деди Мурзабеков.

Ошондой эле Кыргызстанда 102 медресе болсо, анын 48и Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкандыгы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0