Кадамжайда ашар жолу менен суу каналы курулуп жатат

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүСеверо-Крымский канал
Северо-Крымский канал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыштын ызгаарына карабай элеттиктер техниканын жардамысыз, кол менен казып баштаган каналдын курулуш иштеринин 90 пайызы аяктады

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургундары 7,5 чакырым аралыктан суу тартып келүү үчүн ашар жолу менен канал куруп жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Токтобай Абдукаримов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул демилге жергиликтүү жашоочулар тарабынан мындан 10 жыл мурда көтөрүлгөн.

"Айылда суу тартыштыгы күч болгондуктан 2007-жылы Ак-Корум тоосунан суу алып келүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок каржы жоктугунан улам иш токтоп турган. Өткөн жылы чет элдик уюм долбоорду колдоого алып, 3,5 миллион сомдук курулуш материалдарын сатып берди", — деди Абдукаримов.

Учурда канал курула баштады.

"Каналдын 160 метри аска таш бооруна салынган. Үч чакырымы бетондолуп, ал эми 500 метри темир түтүк менен тартылды. Баары техниканын жардамысыз кол менен салынып жатат. Төрт айдан бери иш кызуу жүрүп, учурда курулуш ишинин 90 пайызы аяктады. Эми жаңы канал колдонууга берилсе, майдандагы 40 гектар бош жаткан сугат жер өздөштүрүлүп, бак өстүрүүгө шарт түзүлөт", — деди айыл башчы.

Кереге-Таш айылында жалпы 500дөй кожолук бар. Ишке жарамдуу жашоочулардын баары тең курулуш ишине кол кабыш кылууда.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0