Ноокатта "уктап жаткан" статистика бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОтделение статистики Ноокатского района
Отделение статистики Ноокатского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетти кызматтык иликтөө иштерин жыйынтыктап, статистика бөлүмүнүн башчысы жана орун басарын кызматтан четтеткен.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: иш бөлмөдө мас болуп уктап жаткан кызматкер Ноокат РИИБдин жетекчиси эмес
Эскерте кетсек, 9-январь күнү соцтармакта "мас болуп иш бөлмөсүндө уктап калган" кызматкердин видеосу тарап, анын Ноокат РИИБ жетекчиси экени айтылган. Андан соң Ташовдун милицияга эч кандай тиешеси жок экени айтылып, анын райондук стаститика бөлүмүн жетектеп келери белгилүү болгон.

Кийинчерээк Ташов "ичкилик ичпегенин, досу экөө ичкен шербетке уйкунун дарысы кошулганын" божомолдоп, буга кабылдамада отурган кызматкерди күнөөлөгөн.

Улуттук статистика комитетти кызматтык иликтөө иштерин жыйынтыктап,райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташовду кызматтан алуу чечимин чыгарган. Аны менен кошо орун басары Шайырбек Арапов да кызматынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0