Кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан баланын видеосун ИИМ иликтейт

© Sputnik / Таисия Воронцова / Медиабанкка өтүүСейил бактагы кыз-жигит. Архив
Сейил бактагы кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео учурда социалдык тармакта кызуу талкууланууда

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан баланын видеосу Instagram тармагына жарыяланып, ал интернет колдонуучулар тарабынан катуу сынга кабылды.

Видео OMKS аккаунтунун Instagram баракчасына жарыяланган. Анда жаш жигит күлүп жаткан кызды кар турган жерге көтөрүп барып, жерге көтөрүп чапканын көрүүгө болот. Жерге бети менен түшкөн кыз колу менен белин кармалап калганы даана байкалат. 

ИИМдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине бул видеону милиция иликтеп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0