Өмүрүндө бир жолу чылым чеккендердин көбү эмне болорун изилдөө көрсөттү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дем алуу органдарынын чылым чегүүдөн улам келип чыккан оорулары дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн алган алдыңкы илдеттердин катарында турат

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өмүрүндө бир гана жолу чылым чегип көргөн адамдардын 60-70 пайызы бул адатка көнүп алат. Окумуштуулардын мындай жыйынтыкка келгенин РИА Новости агенттиги жазды. 

Илимпоздор сегиз ири сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, тамеки тарткан 200 миң кишинин маалыматын алган. Качандыр бир кезде чылым даамын таткан адамдардын теңинен көбү бара-бара тамекисиз жашай албай калганы аныкталган.

"Тамекини оюн катары гана тартып жүргөн алгачкы күндөр никотинден көз каранды болуунун эң негизги бөлүгү болуп эсептелет. Чылымдын даамын бир гана жолу татып көргөн адам анын тузагына илинет. Андыктан,тамекиге такыр жолобой койгондон артыгы жок", — деп түшүндүргөн Лондон шаарындагы Королева Мария университетинин окумуштуусу Питер Хайек.

ВАЛЮТНАЯ БИРЖА СОТРУДНИКИ ПЕРСОНАЛ - Sputnik Кыргызстан
Көп отуруп иштегендер кандай дартка чалдыгат. Окумуштуулардын жообу
Дем алуу органдарынын чылым чегүүдөн улам пайда болгон оорулары дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн алган алдыңкы илдеттердин катарында турат.

Адамдын никотинге байланып калышы тууралуу окумуштуулардын пикири эки анжы бойдон калууда. Биринчи тобу тамекиге көнүү психология менен байланыштуу десе, экинчи тобу адамдын физикалык абалына тиешелүү дешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0