Жол кырсыгы учурунда ээсин аман алып калчу машиналар. Рейтинг

© AFP / BERTRAND GUAYМашиналарды краш-тесттен өткөрүү. Архив
Машиналарды краш-тесттен өткөрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз карандысыз эксперттер жол кырсыгы учурунда адамдардын өмүрүн сактап кала турчу эң коопсуз делген жети машинаны тандашты

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Машиналарды краш-тесттен өткөргөн көз карандысыз Euro NCAP уюму 2017-жылдын эң коопсуз автоунааларынын тизмесин жарыялады.

Рейтингдин лидерлери бир нече категория менен тандаган. 2017-жылы аталган компания жаңы жана модели жаңыланган 70 автоунааны түрдүү жолдор менен сыноодон өткөргөн.

Жогорку класстагы автоунаалардын ичинен лидер болуп Volkswagen Arteon табылган. Аталган машинада чоң кишилер 96 пайызга, балдар менен жөө адамдар 85 пайызга корголгон.

"Чакан кроссовер" категориясында Volvo XC60 жеңүүчү деп табылган. Чоң кишилердин корголгон деңгээли 98 пайыз, балдар 87 пайызга жана жөө адамдар 76 пайызга корголгон.

"Мини кроссовер" категориясында корголгон жагынан Volkswagen T-Roc алдыга чыкты. Аталган автоунаада жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу 96 пайызга, балдардыкы 87 жана жөө адамдардыкы 79 пайызга корголгон.

В-классындагы (өтө чоң эмес машиналар) автоунаалардын ичинен Volkswagen Polo коопсуз деп табылды. Адистердин эсептөөсү боюнча чоңдордун, балдардын жана жөө адамдардын коопсуздугу 96, 85 жана 76 пайызга корголгон.

"Чакан вэндер" ичинен Opel Crossland X мыкты деп табылды. Машинадагы адамдардын коопсуздугу 85 пайызга корголгон.

"Үй-бүлөлүк чакан авто" категориясында эң коопсузд деп Subaru — Impreza жана XV машиналары табылды. Коопсуздук боюнча адистер чоңдор менен балдардын корголушуна 94 жана 89 балл беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0