Милиция кызматкерлери. Архив

Милициянын үстүнөн эми WhatsApp аркылуу арызданууга болот

461
(жаңыланган 10:17 12.01.2018)
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына инспекторлордун жасаган мыйзам бузуулары боюнча мессенжер менен кайрылууга жол ачылды

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлорунун үстүнөн WhatsApp мессенджери аркылуу даттанууга болот. Бул тууралуу башкармалыктын сайтында маалымдалат.

Даттануулар менен кайрылууларды 0706 96-09-00 телефон номерине жиберүүгө болот. Ошондой эле жаңы кызматтын (0312) 63-09-00 ишеним телефону иштеп жатат.

Укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп өзгөргөн. Андан сырткары, кызматкерлерге жаңы форма берилип, жаңы милдеттерди алышкан.

461
Белгилер:
милиция, даттануу, кайрылуу, WhatsApp
Тема боюнча
Милиция кызматкерлери ишке жаңы форма менен чыгышты. Видео